кто есть кто
22 апреля 2018г.
Ош, Баткен жана Жалал-Абаддагы жайлоо бала бакчаларда башка облустардан келген мыкты мугалимдер сабак өтүштү (фото)
08.08.2016

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы жайлоо бала бакчаларында «Конок мугалим» долбоору башталып, башка облустардагы мыкты делген мугалимдер тажрыйба алмашууга келишти. Бул тууралуу «Нур-Үлгү» өнүгүү борборунун жетекчиси Азаада Арзыбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор « Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан уюштурулган.

«Долбоор 2-август күнү башталды. Аталган фонддун координатору Чынара Абдыраимакунова менен бала бакчанын тарбиячылары, жетекчилери түндүктөн келген мугалимдер менен тажрыйба алмашышты. Конок мугалимдер Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл үңкүр, Ош облусунун Мады, Ноокат жайлоо бала бакчаларына, Баткен районунун Лейлек районундагы Андыген жайлоо бакчаларында болуп, балдарда түрдүү тематикадагы сабактарды өтүп беришти», - деди А.Арзыбаева.

print
В этот день родились
Популярные за неделю
Люди регионов
Абдыкасымов Талант Ракымбергенович
директор пансионата ЖК КР «Алтын-Кол»
Темирбаев Турдалы Абдукеримович
вице-мэр г. Жалал-Абад, и.о. мэра г. Жалал-Абад
Зарипа Калматова
экс-заместитель главы государственной администрации – акима Аксыйского района Жалал-Абадской области
Асанова Меерихан Мийзамовна
заместитель главы государственной администрации - акима Кадамжайского района Баткенской области
Гулжамал Жумалиева
выращивает цветы в теплице
Люди Кыргызстана
Маленькие истории
Карьера